ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз XXIII сессиясынын

ТОКТОМУ № 106

2016-жылдын  23-декабрь                                                                      Токтогул шаары

          Токтогул шаарында түрткү берүүчү гранттын эсебинен аткарылуучу долбоорлор үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,    Токтогул шаарында түрткү берүүчү гранттардын эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу максатында шаар мэри М.Калмурзаевдин сунушу  “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды  угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Жогорудагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалысынан жактырылгандыгы эске алынып,  Токтогул шаарында 2017-жылы түрткү берүүчү гранттын эсебинен долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөндөгү өлчөмдөгү акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин:

-  Медеров жана Сүйналиев көчөлөрүндө жөө адамдар басуучу жол куруунун сметалык баасы  3 237 112 сом, анын ичинен 25% өздүк салымдын  өлчөмү-788 379 сом, долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызмат көрсөтүү үчүн төлөөлөр 83 595 сом. Жалпы:  871 974 сом.

       -  5-кичи районундагы Кенжетаев көчөсүндө химиялык газону менен кичи футбол аянтчасын куруунун сметалык баасы 3 225 593 сом,   анын ичинен жергиликтүү бюджеттен берилүүчү 25% өздүк салымдын өлчөмү – 790 587 сом,  долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызмат көрсөтүү үчүн төлөөлөр – 63 246 сом.  Жалпы: 853 833 сом.

  -   Таласбай кичирайонундагы Б.Султаналиев көчөсүндө химиялык газону менен кичи футбол аянтчасын куруунун сметалык баасы 3 225 593 сом,   анын ичинен жергиликтүү бюджеттен берилүүчү 25% өздүк салымдын өлчөмү 790 587 сом, долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызмат көрсөтүү үчүн төлөөлөр – 63 246 сом.  Жалпы: 853 833 сом.

 3. 2017-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүүдө, жогоруда көрсөтүлгөн үч долбоорду ишке ашырууга керектелүүчү 2 579640 сомду  жергиликтүү бюджеттин эсебинен  бөлүп берүү  жагы каралсын.

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын төрайымы М.Солтоевага тапшырылсын.
  2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылсын.

 

   Төрага:                                                      К.Дербишев