Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXXI сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  25-январы  № 36                                      Токтогул  шаары

Түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорлорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик  Кодексинин” талаптарына ылайык, 2021-жылы Токтогул шаарында түрткү берүүчү гранттын  эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери  боюнча шаар мэри Б.Болгонбековдун 15.01.2021-жылдагы № 01-34/37 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылып, долбоорлордун өздүк салымына керектелүүчү төмөндөгү акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилгендиги белгиленсин:

1) А.Козубеков атындагы паркта жайгашкан стадиондогу жөө басуучу жолду оңдоо жана жарыктандыруу  боюнча долбоордун жалпы сметалык наркы  2 945 940 сом, өздүк салым (25 %)  736 485 сом; 

2) Борбордук аянттагы фонтанды оңдоо  боюнча долбоордун жалпы сметалык наркы  2 969 049  сом, өздүк салым (25 %)  742  262  сом;

Өздүк салымдын жалпы суммасы: 1 478 747  сом;

  1. Бул каражат 2021-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүүдө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
  2. Токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) жана  ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
  1. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (К.Дербишев).
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                     М.Н.Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

кезексиз  XXXI сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2021-жылдын  25-январы  № 37                                        Токтогул  шаары

Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу аракеттер планын (КЖАП) ишке  ашырууга өздүк салым  үчүн керектелүүчү  каражат  жөнүндө

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун  2-фазасынын алкагында Токтогул шаардык мэриясы, А.Суеркулов айыл аймагы жана Жаңы-Жол айыл аймагы менен биргеликте,  Муниципалитеттер аралык кызматташуу (МАК) келишиминин негизинде, кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу аракеттер планы (КЖАП) иштелип чыккан. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн өздүк салымга керектелүүчү акча каражаттары боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 15.01.2021-жылдагы № 01/3171 сандуу  маалымкат-негиздемеси, “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинин директору К.Тайчабаровдун кепилдик каттары “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында талкууланды.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
  2. Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттер планын (КЖАП) ишке ашыруу үчүн  өздүк салымга керектелүүчү төмөндөгү акча каражаттары “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинин акча каражаттарынын эсебинен бөлүнүп бериле тургандыгы эске алынсын:
  • Жаңы-Жол айыл аймагына  - 712,8 миң сом;
  • А.Суеркулов айыл аймагына – 712,8 миң сом;
  • Токтогул шаардык мэриясына -712,8 миң сом;

Жалпы: 2 138,4 миң сом (долбоордун наркынын 30% түзөт)

  1. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн 2 138,4 миң сом акча каражатын Токтогул  шаардык мэриясынын эсебине которуп берүү жагы жогоруда аталган мамлекеттик мекеменин директору К.Тайчабаровдон суралсын.
  2. КЖАПтын өзүк салымы үчүн  берилген акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын, максаттуу багыты боюнча жумшалсын.
  3.  2021-жыл үчүн КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) Союзуна калктын санына жараша берилүүчү  1%  мүчөлүк акыга  18,8 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилгендиги белгиленсин.
  4. Жалпысынын токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) жана  ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.
  1. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (К.Дербишев).
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).

Төрага:                                     М.Н.Жусупахунов