Токтогул шаардык кеңешинин  XXVIII   чакырылышынын  кезексиз

XXXXII  сессиясы

 

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2021-жылдын  28 -декабры           № 33              Токтогул  шаары

Токтогул шаарында калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн зоналык  коэффициенттин маанисин белгилөө жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын  Салык Кодексинин 339–беренесинин 4–пунктуна ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун  26.12.2021-жылдагы № 659-а сунушун кароонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп,  талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XXXXII  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн Кз зоналык  коэффициенттин  мааниси   Токтогул шаарындагы бардык экономикалык-пландоо зоналарга 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.

2.      Зоналык коэффициенттин 1,2 өлчөмү 2022-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.

  1. Токтогул шаарынын аймагында үйдүн жанындагы  короо жай жана багбанчылык-огород жер участоктор үчүн зоналык коэффициент  1,0 өлчөмүндө калтырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.

 

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

9.   Ушул токтом күчүнө киргенден кийин Токтогул шаардык кеңешинин 15.02.2017-жылдагы № 116, 08.02.2019-жылдагы №40 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын. 

Төрага:                                                           М.Н.Жусупахунов