Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XVI- сессиясынын

ТОКТОМУ № 72

Токтогул шаарчасы 2012-жылдын 23-январы

Токтогул поселкалык Өкмөтү тарабынан калкка кызмат көрсөтүү үчүн тарифти белгилөө жөнүндө

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын негизинде, Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысы М.Калмурзаевдин сунуш, пикирлерин угуп, талкуулап, Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул поселкалык Өкмөтү тарабынан берилүүчү төмөндөгү тактамаларга паспорт бланкаларына акы төлөп кызмат көрсөтүү белгиленсин:
1. Жашагандыгы, үй-бүлөөсү тууралуу тактамага – 5 сом;
2. Мал боюнча тактамага – 5 сом;
3. Паспорттук учетко туруучу, учеттон чыгуучу жана жаны
паспорт алууга карата ар бланкаларга – 5 сом.

2. Токтогул поселкалык Өкмөтүнөн үйдүн, турак жайдын, жеке квартиралардын, жер аянтынын параметрлерин бекитүү үчүн берилүүчү токтомго 150 сом белгиленсин.

3. Кайра профилдештирүүгө, мураска калтыруу жана башка жер аянттарын тактап берүүдө берилип жаткан токтомго 200 сом белгиленсин.

4. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүүчү катчы Ш.Жаманкуловага, ветеринардык инспектору, башкы адис Т.Шатманалиевге, паспорттук учет иштерин жүргүзүүчү жетектөөчү адис, ВУС инспектору Б.Мамытовага, жер, турак жай маселелери боюнча 1-категориядагы инспектор, башкы адис К.Жумалиевтерге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысы М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.

6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков