Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз  V  сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2022-жылдын  15-сентябры       № 12                              Токтогул  шаары

 Токтогул шаарынан жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 15.08.2022-жылдагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 284 Жарлыгынын негизинде биринчи Элдик Курултайга айыл аймактардан жана шаарлардан делегаттарды шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн бирдиктүү тартибин аныктоочу Нускаманын шарттарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Дарманованын 15.09.2022-жылдагы №01-34/493 каты   “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 06-сентябрындагы жыйналышында каралып, жыйынтыгы сессияга сунушталган.

Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечимин, башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап,   Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Аталган туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
  2. Токтогул шаарынан жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону, алардын ичинен Элдик курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу тартиби жогорудагы Нускаманын шарттарына ылайык жүргүзүлсүн.
  3. Токтогул шаарында 5 (беш) аймакта жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жыйналыштарды өткөрүүнүн орду,  графиги жана жыйналышка  жооптуу депутаттардын  тизмеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
  4. Токтогул шаарында жергиликтүү курултайга шайлануучу делегаттардын саны 100 адам болсун, делегаттардын саны жыйналыш өткөн аймактын бөлүгүндө жашаган калктын санына жараша бөлүштүрүлсүн.
  5.  Шаар аймагында жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  6. Токтогул шаардык кеңшинин төрагасы Б.С.Белековго жумушчу топтун төрагалык милдетин аткаруу,  шаардык кеңештин катчысы С.К.Наралиевага  аталган топтун катчысы милдетин аткаруу тапшырылсын.
  7. Төмөндөгүлөрдү аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин:

-ушул токтом менен бекитилген графикке ылайык, жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйналыштардын өтө турган орду, убактысы (айы, күнү, сааты) боюнча маалытаттарды  массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар, башка маалымат булактары аркылуу  жергиликтүү калкка өз убагында жеткирүү;

   - жыйналыш өтүүчү мекеме, уюмдардын жетекчилери менен алдын ала макулдашуу;

 - ушул аймактан чыккан, башка калктуу конуштарда жашаган, өз элинин  бакубат жашоосуна кызыкдар болгон адамдарга жекече маалымдоо;

-   жыйналышка катышуучуларды тиешелүү санда  камсыз кылуу;

- жыйналыштар өтүүчү жайды тиешелүү техникалык жана башка жабдыктар менен жабдуу;

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жумушчу топтун төрагасына (Б.С.Белеков) жана тиешелүү туруктуу комиссияга (А.Джаныбаевага) тапшырылсын.

  5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

   6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына    жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары:                                     М.К.Курбанов

                                                

  БЕКИТИЛДИ

                                                                            Токтогул шаардык кеңешинин

                                                                                    XXIX чакырылышынын

15.09.2022-жылдагы кезексиз  V сессиясынын № 11 токтомуна

1-Тиркеме

Токтогул шаарында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйналыштардын графиги жана ага жооптуу депутаттар боюнча маалымат                                                                                                     

 №

Жыйналышты өтүү орду

Күнү/айы

сааты

Жооптуу депутаттар

1.

№28 Т.Ормонбеков атындагы  мектеп-лицейинде

2022-жылдын 15-октябры

Саат 16.00дө

Бакиева Дамира Токтосуновна

2.

Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде

2022-жылдын 16-октябры

Саат 16.00дө

Куттубаева Клара Токтосуновна

3.

№13 “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүү уюмунда

2022-жылдын 17-октябры

Саат 16.00дө

Тойчубеков Урмат Кадырбекович

4.

Токтогул атындагы орто мектебинде

2022-жылдын 18-октябры

Саат 16.00дө

Нургазы уулу Кыязбек

5.

Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебинде

2022-жылдын 19-октябры

Саат 16.00дө

Касымов Алмаз Рахматиллаевич

 

Төраганын орун басары:                                     М.К.Курбанов

 

 БЕКИТИЛДИ

                                                                        Токтогул шаардык кеңешинин

                                                                            XXIX чакырылышынын

15.09.2022-жылдагы кезексиз  V сессиясынын № 11 токтомуна

 2-Тиркеме

Токтогул шаарында жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы

Аты -жөнү

Ээлеген кызмат орду

Жумушчу топтун төрагасы

1

Белеков Барман Самидинович

Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы

Жумушчу топтун катчысы

2

Наралиева Саламат

Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы

Жумушчу топтун мүчөлөрү

3

Бекташова Тамара

Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси

4.

Мамытова Бактыгүл

Токтогул шаардык мэриясынын жетектөөчү адиси

5.

Садыкова Нурмира

Токтогул шаардык мэриясынын  адиси

6.

Тотобаев Сейитказы

шаар тургуну, жарандык активист

7.

Ормонова Нургуль

шаар тургуну, квартал башчы

8.

Каратаев Колпоч

шаар тургуну, квартал башчы

9.

Джаныбаева Айнура

Токтогул шаардык кеңешинин депутаты

10

Караева Динара

Токтогул шаардык кеңешинин депутаты

11.

Тотобаев Марс

Токтогул шаардык кеңешинин депутаты

 

Төраганын орун басары:                                     М.К.Курбанов