Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз

VIII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2022-жылдын  21-декабры  № 19                                          Токтогул  шаары

Токтогул шаарынын аймагында жергиликтүү салыктарды бекитүү жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын 22.12.2021-жылдагы Салык Кодексинин 151-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасынын  жана Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-жылдагы  № 4 мыйзамынын негизинде, Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын, Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун  13.12.2022-жылдагы № 01-17-738 сунуштарын кароо боюнча “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз VIII сессиясы

                                        ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2023-жылдын 1-январынан баштап Токтогул шаарынын аймагында жергиликтүү салыктын түрлөрү ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
  1. Салыктардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинде белгиленген нормаларга ылайык эсептелинип, өндүрүлсүн.

3.   Бул токтомду  аткаруу  жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) жүктөлсүн.

4. Аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына (Д.Бакиева) тапшырылсын.   

        5.   Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, бир нускасын Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул райондук башкармалыгына, бир нускасын Токтогул шаардык мэриясына жөнөтүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

7.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

       Төрага:                                                   Б.С.Белеков  

 

                                                        Токтогул шаардык  кеңешинин XXIX                                                            чакырылышынын  21.12.2022-жылдагы

        кезексиз  VIII сессиясынын   № 19 токтому

       менен бекитилди

 

2023-жылдын 1-январынан баштап Токтогул шаарынын аймагында

бекитилген жергиликтүү салыктардын түрөрү

 

  •  
  •  

Кирешелердин аталышы

  1.  
  1.  

Мүлккө салык

 

  1.  

Кыймылсыз мүлккө салык

 

  1.  

Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык

 

  1.  

2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык

 

  1.  

3-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык

 

  1.  

Кыймылдуу мүлккө салык

 

  1.  

Транспорттук каражаттарга салык

 

  1.  

Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык

 

  1.  

Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык

  1.  
  1.  

Жер салыгы

 

  1.  

Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы

 

  1.  

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

  1.  
  1.  

Ижара акысы

 

  1.  

Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы

Төрага:                                          Б.С.Белеков

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз

VIII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2022-жылдын  21-декабры  № 20                                          Токтогул  шаары

Токтогул шаарынын мэриясына юристтин кызматын сатып алуу

 үчүн каражат бөлүү боюнча

 

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”,   Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.12.2018-жылдагы № 594 токтому менен  бекитилген “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартибинин 4,7,9,11-пункттарына ылайык, юридикалык кызмат көрсөтүү үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун  15.12.2022-жылдагы № 01-17-743 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.

Туруктуу комиссиянын чечимин, башка сунуштарды угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  VIII сессиясы

                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 15.12.2022-жылдагы №01.-17-743 сунушу боюнча жогоруда аталган туруктуу комиссиясынын чечими колдоого алынгандыгы белгиленсин.
  1. 2023-жылдын январь айынан иш баштоо зарылчылыгына байланыштуу,  Токтогул шаардык мэриясына юристтин кызматы үчүн, 2022-жылдын аягына чейин конкурс берүүгө, жергиликтүү бюджеттин эсебинен  420,0 миң сом акча каражаты жумшалсын.
  1. Токтомду аткаруу Токт огул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.

 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды

 6.   Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө   жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

       Төрага:                                                   Б.С.Белеков  

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз

VIII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2022-жылдын  21-декабры  № 21                              Токтогул  шаары

Манасчы, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун айкелин орнотууга

 жер аянтын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”,   Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, 21.07.2022-жылдагы  ардагер А.К.Смадиловдун, 15.09.2022-жылдагы Токтогул шаарынын мэри Т.С.Кылдановдун 12.12.2022-жылдагы Токтогул шаарынын ардагерлер кеңешинин, сотунун кайрылуулары “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча”  туруктуу комиссиясынын жыйналыштарында каралган.

Жыйынтыгында, Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдыгына карата, туруктуу комиссиянын чечимин, башка сунуштарды угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  VIII сессиясы  

                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиясынын чечими колдоого алынгандыгы белгиленсин.

  1. Манасчы, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун айкелин урпактары, жакын туугандары тарабынан орнотулушу  үчүн Токтогул шаарынын борбордук аянтынан (семетейчи Сейдана апанын айкелинин жанынан)  3м2 жер аянты чектелип  берилсин.
  1. Архитектуралык композиция сакталсын, айкелдин көлөмү, бийиктиги жагынан аянтта турган айкелдерге шайкеш келтирилсин.
  1. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.

 6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Б.Дүйшөналиев) тапшырылсын.

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 8.   Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө   жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

 9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 10.  Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 04.06.2014-жылдагы  кезексиз II  сессиясынын № 10 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

       Төрага:                                                   Б.С.Белеков  

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз

VIII сессиясы

ТОКТОМ                                                ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2022-жылдын  21-декабры  № 22                                          Токтогул  шаары

 

Камбар-Ата -1,2 ГЭСтеринин башкармалыктарын  Жалал-Абад областына караштуу Токтогул районунун Токтогул шаарынын аймагына жайгаштыруу жөнүндө

КР  “Жергиликтүү мамлекетттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары”, “ Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу” жөнүндөгү мыйзамдарына жана 05.11.2022-жылы Токтогул шаарында болуп өткөн жергиликтүү курултайдын чечимине ылайык,  Камбар-Ата1,2 ГЭСтеринин башкармалыктарын Токтогул шаарына жайгаштыруунун социалдык жана  экономикалык негиздерин талкуулоонун жыйынтыгы боюнча депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаары Токтогул районунун борбору катары, анын инфрастуктурасын жакшыртууга, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берүү жагы эске алынсын.
  1. Жергиликтүү курултайдын бир маселеси болгон, Камбар-Ата-1,2 ГЭСтеринин башкармалыктарын Токтогул шаарынын аймагына жайгаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго өтүнүч келтирилсин.   
  1. Бул маселе Токтогул шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан бир добуштан колдоого алынгандыгы баса белгиленсин.
  1. Токтомду аткаруу боюнча жогорку органдарга кайрылуу, макулдашууларды жүргүзүү Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов)  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин төрагасына (Б.С.Белеков) тапшырылсын.
  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

7.    Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө   жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                               Б.С.Белеков