Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XVIII сессиясы

 

ТОКТОМ                                                 

2023-жылдын   22-сентябры   № 41                                                     Токтогул  шаары

 

Токтогул шаары менен Жаңы-Жол айыл аймагын бириктирүү жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду  өнүктүрүү боюнча  андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы  ПЖ №350 Жарлыгын ишке ашыруу  максатында, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын  19.09.2023-жылдагы           № 01-34/2550 сандуу сунушун угуп, талкуулап  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  XVIII сессиясы, токтом кылат:

 

     1.Токтогул шаары менен Жаңы-Жол айыл аймагын  бириктирүү  маселеси колдоого    алынгандыгы белгиленсин.

    2.Бириккенден кийин жалпысынан Токтогул шаары деп аталсын,  Жаңы-жол, Балачычкан, Арал, Каратектир,Кара-Суу, Кызыл-Туу айылдары Токтогул шаарына караштуу  айылдар деп аталсын.

    3.Шаардын борбору Токтогул шаарында жайгашсын.

    4.Токтомду аткаруу “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мамлекеттик стандарт,  мыйзамдуулукту чындоо боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.                                                                                                                     

         5. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

       6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн   тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү башкы адис  (А.Каныбекова) милдеттендирилсин.

   7.Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:                                                                             М.Т.Борбугулов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XVIII сессиясы

                   ТОКТОМ                                                 

 

2023-жылдын  22-сентябры  № 42                                         Токтогул  шаары

 Токтогул шаарынан жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү  уюштуруу  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 15.08.2022-жылдагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 284 Жарлыгынын негизинде биринчи Элдик Курултайга айыл аймактардан жана шаарлардан делегаттарды шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн бирдиктүү тартибин аныктоочу Нускаманын шарттарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэринин  убактылуу милдетин аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын 21.09.2023-жылдагы №01-17/932 сандуу сунушун угуп, талкуулап  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз  XVIII сессиясы, токтом кылат:

           

  1. Токтогул шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын  өкүлчүлүктүү жыйындарын жана Элдик Курултайдын делегаттыгына талапкерлерди көрсөтүү боюнча иштер тиешелүү ченемдик укуктук актылардын негизинде жүргүзүлсүн.
  2. Жогоруда аталган иш-чараларды уюштуруу үчүн жумушчу топтун курамы  ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
  3. Жыйналыштарды өткөрүнүн орду, убактысы, жооптуу  депутаттардын тизмеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык бекитилсин.
  4.  Жергиликтүү коомдоштуктун  өкүлчүлүктүү жыйындарынан  жалпысынан 150 (бир жүз элүү) адам шайлансын, аймактардагы жашоочулардын санына жараша  бөлүштүрүлсүн.
  5.  2023-жылдын 18-ноябрында  өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүлсүн, алардын ичинен Элдик Курултайдын делегаттыгына  2 (эки) талапкер көрсөтүлсүн.
  6. Төмөндөгүлөрдү аткаруу Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучусуна  (Т.Ш.Дарманова) милдеттендирилсин:

-ушул токтом менен бекитилген графикке ылайык, жергиликтүү  коомдоштуктардын  өкүлчүлүктүү жыйындардын өтө турган ордун, убактысын (айы, күнү, сааты)  массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар, башка маалымат булактары аркылуу  жергиликтүү калкка өз убагында жеткирүү;

   - өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү мекеме, уюмдардын жетекчилери менен алдын ала макулдашуу;

 - ушул аймактан чыккан, башка калктуу конуштарда жашаган, өз элинин  бакубат жашоосуна кызыкдар болгон адамдарга жекече маалымдоо;

-   өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды тиешелүү санда  камсыз кылуу;

- өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү жайды тиешелүү техникалык жана башка жабдыктар менен жабдуу;

7.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жумушчу топтун төрагасына (М.Т.Борбугуловго) жана тиешелүү туруктуу комиссияга (А.Джаныбаевага) тапшырылсын.

 9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү башкы адис (А.Каныбекова) милдеттендирилсин.

   10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына    жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага                                                                            М.Т.Борбугулов

 

 

 

 

 БЕКИТИЛДИ

                                                                       Токтогул шаардык кеңешинин                                                                                   XXIX чакырылышынын                                                                                        22.09.2023-жылдагы кезексиз   XVIII                                                                                  сессиясынын № 42 токтомуна     

                                                                                  1-Тиркеме

 Токтогул шаарынын   жергиликтүү коомдоштуктардын  өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги жана ага жооптуу депутаттар боюнча маалымат                                                                                                  

 №

Жыйналышты өтүү орду

Күнү/айы

сааты

Жооптуу депутаттар

1.

№28 Т.Ормонбеков атындагы  мектеп-лицейинде

2023-жылдын 16-октябры

Саат 16.00дө

Бакиева Дамира Токтосуновна-төрайымы,А.Үтүрова, Ш.Шайлообеков, Кылданов Максат

2.

Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде

2023-жылдын 17-октябры

Саат 16.00дө

Куттубаева Клара Токтосуновна-төрайым,Иманбекова Динара,Тян Светлана, Тойчубеков Урмат

3.

№13 “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүү уюмунда

2023-жылдын 18-октябры

Саат 16.00дө

Оркулова Назира Абдалиевна-төрайым, Раханова Лариса, Койчиев Мырзакерим,Уметалиев Темурлан

4.

Токтогул атындагы орто мектебинде

2023-жылдын 19-октябры

Саат 16.00дө

Нургазы уулу Кыязбек-төрага, Тулекеева Асылбү, Токтосунов Рысбек, Курбанов Мухиддин

5.

Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебинде

2023-жылдын 20-октябры

Саат 16.00дө

Касымов Алмаз Рахматиллаевич-төрага, Медеров Эсентур, Калмурзаев Нурсултан, Дөөлөтбеков Максат,

 

Төрага                                                                     М.Т.Борбугулов

         

 

 

 

  БЕКИТИЛДИ

                                                                           Токтогул шаардык кеңешинин                                                                                         XXIX чакырылышынын                                                                                      22.09.2023-жылдагы кезексиз  XVIII                                                                           сессиясынын №42 токтомуна   

                                                                                                 2-Тиркеме  

Токтогул шаарында  жергиликтүү коомдоштуктун  өкүлчүлүктүү жыйындарын  өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы

Аты -жөнү

Ээлеген кызмат орду

Жумушчу топтун төрагасы

1

Борбугулов Мирбек Табылдыевич

Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы

Жумушчу топтун катчысы

2

Каныбекова Айсулуу Каныбековна

Токтогул шаардык кеңешинин башкы   адиси

Жумушчу топтун мүчөлөрү

3

Бекташова Тамара

Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси

4.

Мамытова Бактыгүл

Токтогул шаардык мэриясынын жетектөөчү адиси

5.

Садыкова Нурмира

Токтогул шаардык мэриясынын  адиси

6.

Сатиев Таалай

шаар тургуну, жарандык активист

7.

Ормонова Нургуль

шаар тургуну, квартал башчы

8.

Иманбаев Чынгыз

шаар тургуну, жарандык активист

9.

Джаныбаева Айнура

Токтогул шаардык кеңешинин депутаты

10

Караева Динара

Токтогул шаардык кеңешинин депутаты

11.

Тотобаев Марс

Токтогул шаардык кеңешинин депутаты

 

 

Төрага:                                                          М.Т. Борбугулов