Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезексиз XX сессиясы

ТОКТОМ

2023-жылдын 3-ноябры        № 47                Токтогул шары

Жеке менчикке берилип кеткен жерлерди  муниципалдык менчикке

өткөрүп алуу  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, Токтогул шаарынын жашоочуларынын жалпы кызыкчылыгы үчүн, убактылуу пайдалануудагы жана жеке менчиктеги жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып берүү жөнүндө А.Д.Турдумамбетованын 26..09.2023-жылдагы кайрылуусу, “Токтогул Автобекет” ЖЧКнун жетекчиси А.Д.Киргизбаевдин 19.10.2023-жылдагы макулдук (тил) каты талкууга алынды.

Жыйынтыгында, жогоруда аталган кайрылуулар боюнча сунуш-пикирлерди угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезексиз XX сессиясы, токтом кылат:

1. Шаар тургундарынын кызыкчылыгы үчүн, убактылуу пайдалануудагы жана жеке менчиктеги жерлерин өз ыктыяры менен муниципалдык менчикке  кайтарып берүү жөнүндө А.Д.Турдумамбетова 26.09.2023-жылы кайрылуу  кат, “Токтогул Автобекет” ЖЧКнун жетекчиси А.Д.Киргизбаев  19.10.2023-жылы макулдук (тил) кат беришкендиги   белгиленсин .

2. Ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык Токтогул шаарынын аймагындагы төмөндөгү  жер тилкелери муниципалдык менчикке өткөрүлүп алынсын:

- Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасынын күн чыгыш тарабындагы 0,06 га жер тилкеси, участоктун идентификациялык коду 3-07-01-1002-2729, менчик ээси А.Турдумамбетова;

-  жогоруда аталган мектептин  спорт аянтчасынан кийин жайгашкан  (күн чыгыш тарабында), убактылуу пайдалануудагы 0,20 га жер тилкеси, участоктун идентификациялык коду 3-07-01-1002-2730, убактылуу пайдалануучу А.Турдумамбетова;

 - Ш.Кенжетаев көчөсүндөгү “Токтогул Автобекет” ЖЧКна таандык  жерден берген 0,12.2 га  (узуну 202 м, туурасы 6 м жер, менчик ээсинин жерге укук тастыктоочу документинде белгиленген чектен баштап) жер тилкеси, менчик ээси “Токтогул автобекет” ЖЧК;

3. КР  мыйзамдарында белгиленген тартипте, аталган даректердеги жерлерди муниципалдык менчикке өткөрүп алуу боюнча  тиешелүү иштер жүргүзүлсүн, мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

4.  Муниципалдык менчиктеги жерге карата укуктарды ырастаган документтерди берүү жагы  КР Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Токтогул  филиалынан суралсын.

5. Бул  токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Э.А.Тойгонбаевге) жүктөлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  тиешелүү туруктуу комиссияга (Нургазы уулу К) тапшырылсын.     

   7. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 Төрага:                                    М.Т.Борбугулов