Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезектеги XIX сессиясы

 

ТОКТОМ                                                 

2023-жылдын   13-октябры       № 46                        Токтогул  шаары

Түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Бюджеттик Кодекске ылайык,  2024-жылы Токтогул шаарында түрткү берүүчү гранттын  эсебинен долбоорду ишке ашыруу аракеттери   жөнүндө шаар мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын 10.10.2023-жылдагы № 01-15-252 сунушу  “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.

Жыйынтыгында, аталган туруктуу комиссиянын  корутундусун, башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги XIX сессиясы, токтом кылат:

  1. Жогорудагылардын негизинде “Күн Нуру” балдар бакчасынын ашканасын куруу боюнча долбоорду түрткү берүүчү гранттын эсебинен  ишке ашыруу маселеси колдоого алынгандыгы белгиленсин.

2. Долбоордун жалпы наркы 5712,0 миң сомду түзүп, аны ишке ашырууга  өздүк салым катары  (долбоордун наркынын 50 %) 2024-жылдын бюджетинен 2856,0 миң сом бөлүнүп берилсин.

3.  Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.

4. Токтомду  аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусуна (Т.Ш.Дарманова)  жүктөлсүн.

5. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Д.Бакиева).

6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

7. Токтомду  мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү  жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

8.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                              М.Т.Борбугулов